Кыргызстанда угуусу начар жаштардын лидерлик потенциалын колдоого багытталган эл аралык долбоор ишке киргизилүүдө
Кыргызстанда угуусу начар жаштардын лидерлик потенциалын колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган жаңы эл аралык долбоор ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.
Долбоор Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) “Чөптүн тамыры” техникалык кызматташуу программасынын алкагында Цукуба технологиялык университети (угуусу жана көрүүсү начар адамдар үчүн адистештирилген университет) жана “Кыргыз дүлөйлөр жана азиздер коому” коомдук бирикмеси (КОС жана КОГ) менен өнөктөштүктө, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин катышуусунда ишке ашырылууда.
Бул долбоордун ишке киришине байланыштуу 2025-жылдын 18-июнунда долбоордук комитеттин биринчи отуруму болот, анда алгачкы кадамдар жана ишке ашыруу пландары талкууланат.
“Кыргыз Республикасындагы кийинки муундун лидерлигин өнүктүрүү үчүн угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү долбоору” деп аталган долбоор “КОС жана КОГ” бейөкмөт уюмуна мүчө болгон өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген угуусу боюнча майыптыгы бар 25 жаштарды эки жылдык окуу программасын карайт.
Долбоордун максаты – майыптыгы бар адамдардын мамлекеттин коомдук-саясий турмушуна катышуусун күчөтүү, ошондой эле угуу боюнча майыптыгы бар адамдардын кызыкчылыгын коргогон мамлекеттик органдар менен уюмдардын ортосундагы диалогдун туруктуу механизмин түзүү.
Долбоор презентация жасоо, эл аралык жаңсоо тилинде баарлашуу, коомдук уюмдарды башкаруу сыяктуу негизги көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган, ошондой эле адам укуктарынын негиздери темасында тренингдерди камтыйт.
Бул долбоордун алкагында 2025-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги JICA жана Цукуба технология университетинин өкүлдөрү, профессор Ютака Осуги менен жолугушуу өткөрдү.
