Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 23 күжүрмөн эсеп тартылган.
ӨКМден кабарлашкандай, анын ичинде:
- Бишкек шаарында – 6;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 4;
- Чүй облусунда – 4;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 3.
Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок.
