Ошто балдарга арналган мекемелерде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө
26 май

Ошто балдарга арналган мекемелерде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Ош шаарында балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда жана “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Балдардын реабилитациялык борборунда эскирген чатыр алмаштырылып, ички бөлмөлөрдөгү эшиктер, шыптар жана терезелер жаңыланууда.

Ал эми “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунда жылуулук системасы жаңыланып, түтүктөр алмаштырылууда. Ички бөлмөлөрдүн дубалдары тегизделип, шыбалууда. Жаңы пол төшөлүп, эшиктер алмаштырылды.

ББелгилей кетсек, жумуштар балдарга ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.