Сууга чөгүүнүн алдын алуу. Баткенде эскертүү белгилери жана тактайчалар орнотулууда
Баткен ОИИБ
11 июнь

Сууга чөгүүнүн алдын алуу. Баткенде эскертүү белгилери жана тактайчалар орнотулууда

Баткен районунда сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, иш-чаранын алкагында кооптуу аймактарга жарандарды сак болууга чакырган атайын эскертүүчү белгилер жана тактайчалар орнотулду.

Бул аракеттер жарандардын, айрыкча жаш балдардын коопсуздугун камсыздоого жана кырсыктардын алдын алууга багытталган.