Asman Airlines Бишкек – Худжанд багыты боюнча түз аба каттамын ишке киргизди
Мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкек — Худжанд багыты боюнча биринчи коммерциялык каттамын жүргүнчүлөр менен ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКдан кабарлашты.
Үзгүлтүксүз каттамдар 8-апрелден тартып жума сайын шейшемби күндөрү аткарылат. Ал эми келечекте каттамдарды жумасына 2 жолу аткаруу пландаштырылууда.
Билет баасы 8 миң сомдон башталат.
Билеттерди компаниянын asmanairlines.kg расмий сайтына же, App Store, Google Playден asmanairlines.kg тиркемесин көчүрүп алып сатып алсаңыздар болот.
