Жалал-Абад облусунда айылдык ден соолукту чыңдоо комитеттерине эмдөө боюнча окутуулар өткөрүлдү
25 май

Жалал-Абад облусунда айылдык ден соолукту чыңдоо комитеттерине эмдөө боюнча окутуулар өткөрүлдү

Кызамыктын уланган учурларына каршы аракеттерди күчөтүү алкагында, Кыргызстандагы Жалал-Абад облусунда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан 400 айылдык ДЧК комитетинин ыктыярчылары үчүн окутуу уюштурулду.

Окутуунун негизги багыты, өзгөчө кичинекей балдары бар үй-бүлөлөрдү коргоо үчүн өз убагында эмдөө алуунун маанисин түшүндүрүү. Анткени дал ушул топ кызамык чыккан учурда эң жогорку коркунучта турат. Окутуу программасы ыктыярчылардын эмдөө тууралуу билимин жогорулатууга багытталды: анын инфекциялык оорулардын алдын алууда ойногон ролу, ата-энелер эмдөөдөн эмнеге баш тартары жана калк менен ишенимдүү диалог жүргүзүү жолдору каралды.

Ошондой эле кызамыктын коркунучтары жана эмделбеген балдарды жана чоң адамдарды жакынкы медициналык мекемелерге жеткирүү жолдору кеңири талкууланды.