
Ата мекендик футзал ардагери Жеңиш Маматов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында 50 жаш курагында ата мекендик футзал ардагери Жеңиш Маматов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Жеңиш Маматов өмүрүнүн чоң бөлүгүн футзалга арнаган, 2004-жылдан 2009-жылга чейин Кыргызстандын улуттук курамасында ойноп келген.
Ал ошондой эле азыркы учурда футзал жаштар курамаларында ойногон Артур жана Тимур Маматовдордун атасы болчу.
Кыргыз футбол биримдиги жана Кыргыз Республикасынын Футзал ассоциациясы Жеңиш Маматовдун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, кайгыңыздар менен тең бөлүшөт.