ӨКМ: Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Үстүбүздөгү жылдын 9нан 11-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Ош – Сары-Таш – Эркештам (Талдык ашуусу) унаа жолунун 160-179-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керектигин эскертет. Зарыл болбосо жолго чыкпай турууга жана кар көчкүлөрдөн сак болууга чакырат.
