Кыргызстан бир катар өлкөлөр менен дипломатиялык мамиле түздү 
9 апрель

Кыргызстан бир катар өлкөлөр менен дипломатиялык мамиле түздү 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Нью-Йорк шаарына болгон иш сапарынын алкагында аймактык топтордун, анын ичинде Ислам кызматташтык уюмунун, ошондой эле Латын Американын өлкөлөрүнүн жана Кариб коомчулугунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Министр Ж.М. Кулубаев Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарын белгилеп, Борбордук Азия чөлкөмүндө жетишилген жыйынтыктар тууралуу маалымат берди. Министр өлкөнүн эл аралык кызматташуу, туруктуу өнүгүү жана аймактык интеграция принциптерине берилгендигине ишендирди.

Тараптар глобалдык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты. Эки тараптуу консультациялар жана жогорку деңгээлдеги сапарлар механизми аркылуу саясий диалогду жана көп кырдуу кызматташтыкты арттыруу боюнча макулдашууларга жетишилди. Өзүнчө көп тараптуу платформада кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде БУУнун шайлануучу органдарына талапкерлерди колдоо да талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы менен бир катар мамлекеттер: Буркина-Фасо, Белиз жана Сомали менен дипломатиялык мамилелер түзүлдү. Дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча биргелешкен коммюникелерге БУУдагы өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрү кол коюшту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу консультациялар жана жогорку деңгээлдеги сапарлар механизми аркылуу саясий диалогду жана көп кырдуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетишилди.