Кыргызстанга 3 миң куту тамекини мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар аныкталды
«Джалал-Абад» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды.
Бишкек – Ош унаа жолунда «А.у.Э.» жараны башкарган «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү автоунаа каражаты текшерүүгө алынган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын жүк салуу бөлүгүндө, акциздик маркасы жок «ORIS» жана «Milano» маркасындагы 3 000 боо (пачка) чыпкалуу тамеки табылган. Жүктүн эч кандай жүк коштоочу документтери болгон эмес. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 234 602 сомду түздү.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Джалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
