Чукул билдирүү! Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарында сел жүрүшү ыктымал
9 апрель

Чукул билдирүү! Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарында сел жүрүшү ыктымал

Үстүбүздөнү жылдын 9-10–апрель күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

Маалыматка ылайык, Өлкөнүн Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги арыктарды, сел каналдарын тазалап, суу каптоонун алдын алууга чакырат.