Ош: Автобекетке карай кеткен дагы бир көчө оңдоп-түзөлөт
9 апрель

Ош: Автобекетке карай кеткен дагы бир көчө оңдоп-түзөлөт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 9-апрелде тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте кезектеги рейддик иш-чараны уюштуруп, анын алкагында Курманжан-Датка көчөсүнө жанаша жайгашкан Т.Абдуллаев көчөсүн кыдырып чыкты.

Анын жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга Жупас каналынын суу коргоо зонасына салынган мыйзамсыз курулуштарды бузуу, каналга түшкөн саркынды суулардын түтүктөрүн текшерип чыгуу, Т.Абдуллаев көчөсүндөгү жолду талапка ылайык оңдоп-түзөө жана кызыл сызыктан чыккан мыйзамсыз объектилерди алып салуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, шаар башчысы З.Бабур атындагы мектепке барып, түшкөн кайрылууларга ылайык мектептин эски терезелерин, жаңы пластик терезелерге алмаштырууну тапшырды.