Электрондук кадастрдык план: Эми “Түндүк” порталы аркылуу алсаңыз болот
КР Министрлер Кабинетине караштуу Жерресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги “Түндүк” Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы менен биргеликте “Кадастрдык план” сервисин ишке киргизди. Ал жарандарга, жеке жактарга, жертилкелеринин ээлерине – жер тилкесинин кадастрдык планын электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Кадастрдык пландын электрондук нускасы “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүрөт.
Анда алгач тиркеменин “Кызматтар”, андан ары “Кыймылсыз мүлк” бөлүмүнө кирип, андагы “Жер тилкесинин кадастрдык планын” тандашыңыз керек.
Өтүнмө ээси “Түндүк” порталына жеке кабинети аркылуу киргенде, анын менчигинде катталган жер тилкелери же жер тилкеси менен бирге болгон турак үй боюнча тизмек чыгат. Тизмеден өтүнмөчү кадастрдык планын алгысы келген кыймылсыз мүлк бирдигинин кодун киргизет.
Эгер электрондук кадастрдык план мурда түзүлгөн болсо, система акысыз ошол планды берет. Эгер кадастрдык план жок болсо, система төмөнкү мазмундагы билдирүүнү чыгарат:
“Электрондук кадастрдык план түзүлө элек. Жер агенттигинин тийиштүү аймактыкфилиалына кайрылуу зарыл.”
