Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара келишимине кол коюу ЕККУнун жыйынында колдоого алынды
28 март

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара келишимине кол коюу ЕККУнун жыйынында колдоого алынды

2025-жылдын 27-мартында кыргыз тараптын демилгесинин негизинде жана Венадагы Тажикстан Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте ЕККУнун Туруктуу кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибине Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга кол коюу маселеси киргизилди.

Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү Толенды Макеев өз сөзүндө достук мамиледеги эки өлкө чечкиндүү аракеттердин натыйжасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аныктоо иштерин толук бүтүрүп, тарыхый документке кол коюуга жетишкенин белгиледи.

Бул эки мамлекеттин Башчыларынын Президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун ак ниеттүүлүгүнүн, бардык маселелерди достуктун, жакынкы коңшулаштыктын, өз ара колдоонун жана ишенимдин духунда чечүүгө саясий эркинин жана бекем чечкиндүүлүгүнүн негизинде мүмкүн болду.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү бул кадам биздин өлкөлөрдүн ортосунда гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоодо өтө маанилүү экендигин белгиледи.

Өз кезегинде ЕККУнун жетекчилиги Келишимге кол коюуну оң баалады жана Уюмдун көптөгөн катышуучу-өлкөлөрү, тактап айтканда, АКШ, Франция, Улуу Британия, Европа Биримдиги, Швейцария, Борбор Азия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү бул тарыхый окуяга байланыштуу колдоо сөздөрүн билдиришти.