Министрдин орун басары Алмаз Имангазиев "Яндекс" жана "«ВиЭф сервис"компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту
Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев "Яндекс" жана "«ВиЭф сервис"компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.
"Яндекс "компаниясы менен жолугушууда А.Имангазиев жүргүнчүлөрдү жеңил такси менен ташуу боюнча кызмат көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалын, алардын көйгөйлүү маселелерин, ошондой эле аталган компания менен мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулады.
Маалымдама: Россияда "Яндекс" сервисин колдонуу менен Кыргызстандын 44 миң жараны эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
Министрдин орун басары "«ВиЭф сервис" өкүлдөрү менен жолугушууда Москва, Самара, Краснодар жана Калининград шаарларында жайгашкан компаниянын сервистик борборлору аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү боюнча учурда биргелешип иштеп жаткан пилоттук долбоордун жүрүшү талкуулады.
Тараптар, пилоттук долбоорду ишке киргизүү Россиянын аталган аймактарында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын убактысын жана финансылык каражаттарын кыйла үнөмдөөгө алып келгенин баса белгилешип, Россия Федерациясындагы Кыргыз Республкасынын Элчилик/консулдуктарына барбай туруп, консулдук кызмат алуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кыргызстандыктар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү макулдашышты.
Министрлик, тейлөө борборлоруна төмөндөгү телефондор аркылуу жазылуу жолу менен документтерди тапшыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу эскертет: +7 (921) 329 00 68 (иш күндөрү Москва убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин), +7 (499) 648 91 53 (чалуу борбору), ошондой эле алдын-ала жазылбастан тапшыруу мүмкүнчүлүгү да каралгандыгын белгилейт.
