КР Саламаттык сактоо министрлиги менен КЭР делегациясы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев 28-мартта КЭРдин Гуанси-Чжуан автономиялык районунун Элдик саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары Цянь Сюэмин жетектеген Кытай Эл Республикасынын делегациясы менен жолукту.
Тараптар саламаттык сактоо жаатындагы кызматташуунун келечегин, анын ичинде салттык медицинаны өнүктүрүү, медициналык кадрларды даярдоо жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Кытай тараптын өкүлдөрү кыргыз делегациясын Шанхай кызматташтык уюмунун колдоосу менен Фанчэнган шаарында өтө турган 2025-жылдагы Медициналык инновациялар боюнча Эл аралык форумга чакырышты.
КР Саламаттык сактоо министри салттык медицина дүйнөлүк саламаттык сактоо системасында татыктуу орун ээлеши керектигин баса белгиледи. Ошол себептен кыргыз тарап Бишкекте салттык медицина ыкмаларын колдонуу менен окутуу жана дарылоо жүргүзүлө турган кыргыз-кытай илимий-изилдөө борборун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле, Кыргыз-түрк достук ооруканасынын ийгиликтүү тажрыйбасына негизделген кыргыз-кытай ооруканасын түзүү демилгеси көтөрүлдү.
Жолугушууда тараптар жол коопсуздугу маселесине да өзгөчө көңүл бурушту. «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында Кыргызстанда жол инфраструктурасы активдүү өнүгүп, бул өлкөнүн облустарын байланыштырган эл аралык жана шаар аралык трассалардагы транспорттук агымдардын көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө. Ушуга байланыштуу, кыргыз тарап жол коопсуздугун жогорулатуу долбоорлоруна кытай тажрыйбасы менен инвестицияларын тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул долбоорлор жолдорду көзөмөлдөө системаларын жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү кызматтарын өнүктүрүүнү камтыйт.
Жолугушуунун жүрүшүндө кытай делегациясы кыргыз дарыгерлерин Кытайдын Гуанси-Чжуан автономиялык районундагы медициналык жогорку окуу жайларында окутууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле КЭРдин өкүлдөрү кыргыз тараптын сунуштарын өкмөттүк деңгээлде кароого берүүнү убадалашты.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар саламаттык сактоо жана инфраструктура тармагында кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
