Сатыев: Аппарат кызматкерлери сотко келген тараптарга орой мамиле кылганды токтотушу керек
Аппарат кызматкерлери сотко келген тараптарга орой мамиле кылганды токтотушу керек. Бул туурасында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун жалпы жамааты менен болгон жолугушууда билдирди.
“Жөнөкөй жарандар сотко келгенде, алгач эле канцелярияга барып иштерин такташат. Мына ошол жерден айрым сот кызматкерлери ороңдоп, келген тараптарга тыңгылыктуу жооп беришкенди билишпейт. Мындай көрүнүштөр болбошу керек”, - деди Медербек Сатыев.
Төрага ошондой эле кызматкерлерден дресс-код менен тартипти катуу сактоону эскертти.
