Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди
26 ноябрь

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

“Манас” эл аралык аэропорттон президент Эмомали Рахмонду министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Сыйлуу конокко кыскача концерттик программа тартууланды.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы 27-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөрүлөт.