КР элчиси АКШнын президенти Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды
17 июнь

КР элчиси АКШнын президенти Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды

Ушул жылдын 11-июнунда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев ишеним грамотасын тапшыруу аземине байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Жолугушуудагы кыска маек учурунда элчи А.Молдогазиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп жалпы күн тартибин алдыга жылдыруу, өлкөлөр ортосундагы бекем жана туруктуу достук мамилелерди тереңдетүүгө өз ниетин белгиледи.

Ошондой эле, эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга умтулуу ырасталды.