Бишкекте шайлоочулардын добуштарын сатып алууга багытталган кылмыштуу схема аныкталып, токтотулду
Милиция кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым адамдар белгилүү бир кандидаттын кызыкчылыгында добуш берүү үчүн шайлоочуларга акча сунуштап жаткан мыйзамсыз аракеттер аныкталган.
Свердлов районунун ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу») боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө добуш сатып алууну уюштурган адам Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Х.Г.нын расмий үгүтчүсү экени такталган. Тактап айтканда: 1982-жылы туулган үгүтчү Ф.К., анын 2003-жылы туулган уулу Ф.М., жана Бишкек шаарынын «Восток-5» кичирайонунун үй комитетинин төрайымы Х.А., 1964-жылы туулган.
Ноябрдын башында «А» аттуу эркек киши Ф.К.га акы төлөнүүчү үгүтчү катары иштөөнү сунуш кылган. 9-ноябрда талапкердин штабында, Ленин проспектисинде, ал жана анын уулу Ф.М. 2003-ж.т. келишим түзүп, ар бири 20 миң сомдон алышкан. Алган каражаттарга алар 12 шайлоочунун тизмесин түзүп, ар бир добуш үчүн 2000 сомдон тарата башташкан.
Ф.К.нын батиринде жүргүзүлгөн тинтүүдө 80 миң АКШ доллары, 116 миң сом, штабдан алынган 29 500 сом, ошондой эле «Восток-5» кичирайонунан шайлоочуларынын тизмелери табылып, далил катары алынган.
2025-жылдын 25-ноябрында Ф.К., Ф.М. жана Х.А. КР КЖКнын 196-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутатына талапкер Г.Х.ди кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу сунуштама жөнөтүлөт.
