Таласта 185 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү
21 ноябрь

Таласта 185 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата Талас облусунун аймагындагы 185 даана трансформатор капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул трансформаторлор төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • Талас шаардык электр тармагында — 22 даана,
  • Бакай-Ата райондук электр тармагында — 43 даана,
  • Талас райондук электр тармагында — 62 даана,
  • Айтматов райондук электр тармагында — 33 даана,
  • Манас райондук электр тармагында — 25 даана.

Капиталдык оңдоо учурунда трансформаторлордун майы алмаштырылып, эски жабдыктар жаңыртылды.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча, жалпы 973 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Анын ичинен:

  • Талас шаарында — 131 даана,
  • Бакай-Ата районунда — 197 даана,
  • Талас районунда — 319 даана,
  • Манас районунда — 103 даана,
  • Айтматов районунда — 223 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.