Кыргызстанда кайрадан жер титирөө катталды
28 март

Кыргызстанда кайрадан жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында кайрадан жер титиреди. 

Алдын ала маалымат боюнча, ЦАИИЗдин Сейсмикалык эскертүү системасынын кабарлоосуна ылайык, бүгүн, 28-мартта саат 16:56да Талас облусунун аймагында күчү 5.3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Учурда КР Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Кошумча маалымат берилет.