Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди
Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
“Манас” эл аралык аэропорттон президент Касым-Жомарт Токаевди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Сыйлуу конокко кыскача концерттик программа тартууланды.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы 27-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөрүлөт.
