Султанбай Айжигитов депутаттык мандатынан ажыратылды
БШК "Ыйман нуру" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган Султанбай Айжигитовду депутаттык мандатынан ажыратты.
БШКнын жыйынында бул маселе Айжигитовдун өзүнүн, жактоочусунун, УКМКнын жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралды.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун айтымында, мандатты алып салууга УКМКнын тергөөчүсүнүн кайрылуусу негиз болгон. 2018-жылы депутатка карата бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал эч жакка чыкпоо боюнча жазуу жүзүндө милдеттенме алганы айтылган.
Эске сала кетсек, буга чейин эл өкүлү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча пикирин билдирген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында Айжигитовдун мандаты боюнча маселени БШК карай тургандыгын билдирген. Бир нече күн өткөндөн кийин комиссия чечим кабыл алган. Айжигитов курч маселелер боюнча ачык билдирүүлөрүнөн соң мандатынан ажыратылган кезектеги депутат болуп калды.
