Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан адам уурдоо боюнча шектелген жаран кармалды
12-май күнү саат 23:30 чамасында «102» кызматына ошол эле күнү болжол менен саат 15:40 чамасында жаран К.М. жумуш ордунан күйөөсү А.Т. тарабынан кызганычтан улам күч менен алып кеткендиги жана жабырлануучунун кайда экени белгисиз экендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факты боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси («Адам уурдоо») боюнча кылмыш иши козголду.
Милиция кызматкерлери шектүүнүн жана жабырлануучунун кайда экенин аныктоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүштү. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ленин РИИБдин кызматкерлери 1984-жылы туулган шектүү А.Т. кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
