Чүй облусунда ири өлчөмдөгү баңгизат саткандар кармалды
Чүй облусунун аймагында ири өлчөмдөгү баңгизат саткандар аныкталып, алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК) тарабынан Ж.Ж. аттуу жаран Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында андан ары жайылтуу үчүн Жалал-Абад облусунан баңги каражаттарын ташуу каналын уюштургандыгы аныкталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө кылмышка тиешеси бар жарандардын өздүгү аныкталган.
Алар:
- 36 жаштагы Ж.Ж.К.,
- 23 жаштагы К.у.Д.,
- 20 жаштагы М.М.С., аттуу жарандар болуп чыккан.
БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 16-ноябрда кылмыш ишинин алкагында жана атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө К.у.Д. аттуу жарандын жашаган жерин тинтүү жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, аталган жарандын унаасына тинтүү жүргүзүү учурунда эки целлофан баштык табылып, анда кара күрөң түстөгү, кара куурайдын өзгөчө жыты бар заттар болгон.
Соттук-химиялык экспертиза алынган заттар каннабистин чайыры (гашиш) баңгизаты болуп аныкталган.
Бул кылмышка шектүү үч жаран тең кармалып, Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
