Таласта 7,3 миң даана акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери аяктады
28 март

Таласта 7,3 миң даана акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери аяктады

Талас электр тармактар ишканасы 2025-жылдын ичинде Манас, Бакай-Ата, Айтматов жана Талас райондорунда жалпы 36 миң 742 даана акылдуу эсептегич орнотуу иштерин баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.

Талас районунун тургундары үчүн 10 842 даана, Манас районунда 5 600 даана, Бакай-Атада 7 800 даана жана Айтматов районунда 12 500 даана акылдуу эсептегич орнотулмакчы. Бул иш-чара электр энергиясын колдонуу боюнча так маалыматтар алууга жана чыгымдарды башкарууга жардам берет.

Бүгүнкү күндө Талас районунда 2 566 даана, Манас районунда 860 даана, Бакай-Ата районунда 2 230 даана, жана Айтматов районунда 1 656 даана акылдуу эсептегичтер орнотулуп бүттү. Бул иш-чаранын алкагында жалпы 7 312 даана акылдуу эсептегич орнотулду.

Эске салсак, 2024-жылы Талас шаарына 6 092 даана акылдуу эсептегич орнотулган.

Жаңы акылдуу эсептегичтер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергиясынын сапатын жогорулатып, керектөөчүлөргө жакшы шарттар түзүүгө көмөк берет.

Акылдуу эсептегичтер – бул энергияны текшерүү жана башкаруу тармагындагы жаңы деңгээл, бул өз кезегинде электр энергиясын туура пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.