Кыргызстандын аймагында жер титиреди
Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 08:06да катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кудук-Сай айылында 2 баллга (Кудук-Сай айылынан 7 чакырым чыгышта, Таш-Көмүр шаарынан 10 чакырым түштүк чыгышта, Майлуу-Суу шаарынан 15 чакырым түндүк батышка, Жалал-Абад шаарынан 70 чакырым түндүк батышка) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
