Бишкек: Ленин районунун милиция кызматкерлери тарабынан “Тилемчилик” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө
Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында кайырчылык менен алектенген адамдарды аныктоо жана алдын алуу максатында “Тилемчилик” аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында милиция бөлүмүнө жалпы 23 жаран жеткирилди. Алардын ар бири сүрөткө тартылып, манжа издери алынып, тиешелүү тартипте каттоого коюлду. Мындан сырткары, түшүндүрүү мүнөзүндөгү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында 4 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренеси (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) ал эми 3 жаранга 179-берене (Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу) боюнча административдик протоколдор түзүлдү.
Бул сыяктуу иш-чаралар Ленин районундагы коомдук тартипти сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу максатында мындан ары да улантылат.
