Бишкектин кайгуул кызматынын кызматкерлери пара алууга шектелүүдө
17 июнь

Бишкектин кайгуул кызматынын кызматкерлери пара алууга шектелүүдө

Бишкектин кайгуул кызматынын кызматкерлери пара алууга шектелүүдө, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын Кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду.

Алсак, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИИК менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2025-жылдын 15-февралында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын Кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери баңги зат колдонгон абалында айдоочуну аныктоо менен башкаруудан четтетүү жана транспорт каражатын айып токтотуучу жайга коюу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте каралган чараларды көрбөгөндүгү аныкталган.

Милиция кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун ордуна укук бузган айдоочудан опузалап акча талап кылууну уюштурушуп, натыйжада 34 000 сом өлчөмүндө пара алып, анын бир бөлүгү инспекторлордун биринин өздүк банктык эсебине которулган.

Натыйжада, 2025-жылдын 17-февралында, тактап айтканда 2 күндөн кийин, өзүнүн жазасыз калгандыгына ишенген айдоочу ошол эле унаа менен Чүй облусунун Москва РИИБнин Кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан мас абалда кармалып, унаа айып короого киргизилген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-бер. 2-бөл. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 342-бер. 2-бөл. 1-п (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.