Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Бишкек шаарынын Ленин РИИБге жаран И.Ш. жазуу түрүндө кайрылып, анда М.К.га карата тиешелүү чараларды көрүүнү өтүндү. Арыздануучунун айтымында, М.К. 2023-жылдын 22-декабрында Орок айылынын 80-контур аймагынан жалпы аянты 0,82 га болгон жер участогун 200 000 АКШ долларына сатып алган. Бирок, М.К. сатуучуга болгону 39 000 АКШ долларын берип, андан кийин жер тилкесин башка бир адамдын атына каттатып, калган сумманы ушул убакка чейин төлөй элек.
Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1983-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
