Ноокен районунда быйылкы жылы 724 электр мамычасы орнотулат
Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Ноокен РЭТинде 2025 –жылга мерчемделген жумуштардын алкагында ремонт иштери жүрүүдө.
Быйылкы жылы 724 даана мамыча орнотулуп, 5 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат, 6 даана трансформатор жаңы курулат жана 8 даана трансформатордун эскилиги жеткен шкафтары алмашат. Ошондой эле 49 даана трансформатор оңдоодон өткөрүлөт.
Ноокен РЭТи боюнча 396 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өтсө, 49 даана трансформатор ремонт болот. 6-10-0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларлардын 554 чакырымы техникалык тейлөөдөн өтөт. Ал эми 132,51 чакырымында оңдоолор жүргүзүлөт жана эскилиги жеткен жыгач мамычалар темир бетон мамычага алмашат.
Жогоруда аталган жумуштардын баары калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт. Ар бир мерчемделген жумуш пландын негизинде жүргүзүлүүдө. Аларды сапаттуу бүткөрүү үчүн энергетиктер бардык күчүн жумшоодо.
