Жоопкерчилиги чектелген коомдун менеджери өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдоого шектелип кармалды
13 май

Жоопкерчилиги чектелген коомдун менеджери өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдоого шектелип кармалды

2025-жылдын 6-майында Чүй облусунун ИИББнын тергөө кызматы тарабынан «А» аттуу ишканада эмгектенген 1997-жылы туулган Ш.Э. аттуу сатуу боюнча менеджери кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ш.Э. 2021-2024-жылдары кызматтык абалынан пайдаланып, ишканага жалган маалыматтарды киргизип системалуу түрдө уурдоого багытталган кылмыштуу схеманы уюштуруп ишке ашырганы аныкталган. Андан тышкары кардарлардан кассадан тышкары кошумча акча каражатын алып жүргөнү такталып, ишканага жалпы 106 миң АКШ доллардан ашык суммада зыян келтиргени аныкталган.

Аталган факт боюнча Чүй ОИИББи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда 1997-жылы туулган Ш.Э. Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-97-беренелеринин негизинде Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.