Маммүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору алмашты
28 март

Маммүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Малбашев Тимур Жарышбекович Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мындан мурдарак президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 43-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Примов Алмазбек Абдыакимович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.