Баткенде зордук-зомбулукка каршы акция өттү
17 июнь

Баткенде зордук-зомбулукка каршы акция өттү

Баткенде “Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү бардыгыбыздын милдетибиз” деген ураан менен акция болуп өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Иш-чарада жөө жүрүш да уюштурулуп, ага президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кызжибек Тагаева баштаган социалдык коргоо тармагынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, аялдар кеңештеринин мүчөлөрү катышты.

Акциянын максаты — коомчулукту үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алууга үндөө болуп саналат.