Депутат Бишкектеги Түштүк Магистралына көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат бербеш керек дейт
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев Бишкек көп кабаттуу үйлөргө көмүлүп калганын айтты.
“Сталинка” үйлөрүнүн ордуна жаңы үйлөрдү куруу курулуш компанияларына пайдалуу болуп жатат. Борбор калаанын ичиндеги курулуштарга тыюу салуу керек. Ансыз да баарыбыз көрүп жатабыз, шаар ичинде жол тыгыны катуу күчөдү. Андан көрө үйлөрдү Ысык-Атага чейин (чыгыш тарабынан) жана Сокулукка чейин (түндүк тарабынан) курдуруу зарыл. Түштүк магистраль жакка колдон келсе үйлөрдү курдурбаш керек. Азыр уруксат алгандар макул, куруп бүтүшсүн, бирок жаңыларга уруксат берүүнү токтотууга тийишпиз”, – деди депутат.
Курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугулов Бишкектеги бардык курулуш иштери Башкы пландын негизинде жүргүзүлүп жатканын айтты. Ал белгилегендей, эски барак тибиндеги үйлөр сатылганда, жаңы сатып алган адам эгерде Башкы планга ылайык, ал жерге көп кабаттуу үй түшүүгө уруксат болсо, көп кабаттуу үй кура алат.
“Азыркы Башкы план 2025-жылы бүтөт. 2026-жылы жаңы Башкы план менен иштеп баштайбыз. Ал жакында даяр болот жана кайсы жерлерге курулуш иштерин жүргүзүү мүмкүн экени көрсөтүлөт”, – деди ал.
