КР ИИМ: уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда
22 октябрь

КР ИИМ: уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзамга каршы аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу багытында туруктуу иштерди жүргүзүүдө.

Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош шаарында жайгашкан аянты 1,8 гектар жер тилкесин мыйзамсыз кайра каттоо схемасы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун Дженго аттуу лидеринин жакындарынын бири кармалды. Кылмыш жолу менен алынган жер тилкеси мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү жашыруу жана мыйзамдуулук үчүн колдонулганы аныкталды.

Учурда иликтөө иштери улантылууда. Жалпы аянты 1,8 гектар болгон, болжолдуу баасы 43 750 000  сомго бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Мыйзамсыз аракеттерге башка адамдардын катышуусу жана мүлктү уурдоо менен мыйзамдаштыруунун кошумча фактылары да текшерилип жатат.

ИИМ уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотууга, жарандардын укуктарын коргоого жана өлкөдө мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган иш-чараларды ырааттуу түрдө ишке ашырууда.