Депутаттар аткаруу бийлигине нааразы: биз мыйзам кабыл алабыз, алар аткарышпайт
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Медербек Алиев парламент кабыл алган мыйзамдар аткаруу бийлиги тарабынан канчалык деңгээлде аткарылып жатканын көзөмөлдөөчү токтом долбоорун сунуштады.
“Биз мыйзам кабыл алабыз, а аткаруу бийлиги аны андан ары ишке ашырууга киришет. Бирок көбүнчө ал кандай аткарылып жатканы белгисиз. Биз токтом долбоору аркылуу квартал сайын отчет алып, көзөмөлдөп тура алабыз. Бул долбоор мыйзамдарга кошумча болот”, – деди Алиев.
Депутат Исхак Масалиев дагы аткаруу бийлигине нааразы болду.
“Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарды көп учурда аткаруу бийлиги аткарбай коет”, – деди ал.
Эске салсак, комитетке банк чөйрөсүндөгү заманбап санарип технологияларын колдонуу аркылуу көбөйүп бараткан алдамчылыкты токтотууга арналган токтом долбоору сунушталды.
