Ата-энелерди багуудан баш тарткандарга 100 миң сомго чейин айып пул салынды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзамдын максаты – сот актысынын негизинде, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдардын өздөрүнүн эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражаттарды төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчиликти тактоо жана жазаны катаалдаштыруу максатында иштелип чыккан.
Тактап айтканда, Мыйзам Кыргыз Республикасынын төмөнкү Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
– Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 179-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдар 12 айдан ашпаган мезгилде түзүлгөн, эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерди багууга каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн, 200дөн 500гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуудан же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук иштерге, же түзөтүү жумуштарына тартууга чейинки, ал эми ошол эле каражаттардын төлөнбөгөн мөөнөтү 12 айдан ашса, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуудан же 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуудан тартып, үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга чейинки, квалификациялык белгилери менен жоопкерчиликтерди жана күчөтүлгөн санкцияларды караган редакцияда берилген.
Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин ушул эле беренесинин 3-бөлүгүндө, соттун чечиминин негизинде эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга милдетүү адамдын өзүнүн эмгек акысынын өлчөмүн жана ага теңештирилген кирешелерин жашыруусу, төмөндөтүүсү, ошого тете жумушка орношуудан баш тартуусу боюнча жаңы жоопкерчилик жана ал үчүн бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу же 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул салуудан тартып үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү тиешелүү санкциялар каралган.
