Тизме көйгөйү. Россиядагы мигранттар мыйзамдашуусуна канча убакыт коротот?
Россиядагы кыргызстандык мигранттар өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн канча убактысын коротот? Бул суроого түз эфиринде КР ТИМдин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров жооп берди.
Айтымында, мыйзамдаштыруу убактысы 10-сентябрга чейин узартылды. Бирок мекендештер бүгүнтөн тартып аракет кылбаса, мөөнөт соңуна жакындаган сайын кезек күткөндөр көбөйүп, убакыт көп кетет.
«Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Сахаровада бир адамга 30 мүнөт убакыт кетип жатат. Элчиликке келсек, жаран электрондук кезекке турганына жараша болот. Бир адамды тейлөөгө кеткен убакыт 15-20 мүнөт. Бирок бул кайрылган жарандын маселесине жана канчалык даярдыкта келгенине жараша болушу мүмкүн», – деди ал.
Кошумчалагандай, ушул жылдын 30-апрелине жакын элчиликке бир күндө 500-700 адам кайрылып калган. Дагы ушундай көрүнүштү жаратпоо үчүн Бакыт Кадыров жарандарды документтерин эртерээк жөнгө салууга чакырды.
