Чоң-Алайда тоодон түшө албай калган португалиялык турист куткарылды
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дара жайлоосунда португалиялык турист унаасынын дөңгөлөгү жарылып тоодо калып калган.
ӨКМден окуя 16-июнда болгондугун кабарлашты.
Жерине үч куткаруучу тартылып, туристти тоодон түшүрүп, Ош шаарындагы мейманканага жайгаштырган. Абалы туруктуу.
