Ленин районунда майыптуулугу бар балдар көп функционалдуу майыптык кресло- коляскасын алышты
Бүгүн, 13-майда Бишкек шаарынын Ленин райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган майыптыгы бар 18 балага көп функционалдуу балдардын майыптык кресло- коляскасы берилди.
Алуучулардын арасында 7 жаштагы И.А. жана 6 жаштагы С. А. бар, алар техникалык каражаттарынан тышкары Эмгек министрлиги аркылуу ай сайын 8000 сом өлчөмүндө ар айлык социалдык жөлөкпул алышат. Алардын энелерине жеке ассистенттин кызматын көрсөткөндүгү үчүн 7681 сом өлчөмүндө кызмат акы төлөнөт.
Мамлекеттик программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 3 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн 304 көп функционалдуу кресло-коляскалар сатылып алынган. Бүгүнкү күнгө 227 мындай коляска таркатылып берилди.
Аталган иш чара Министрликтин мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү жана жеткиликтүү чөйрөнү камсыздоо боюнча системалуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.
