Ош шаары Индия менен ар тараптуу кызматташат
28 март

Ош шаары Индия менен ар тараптуу кызматташат

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 27-мартта Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту. 

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө социалдык-экономикалык, билим берүү, медицина, маданият жана туризм жаатында эки тараптуу кызматташууну чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэриясы аталган тармактарда кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, Ош шаарынан Индиянын шаарларына түз каттамдарды уюштуруу, Ош шаарында органдарды алмаштыруу боюнча атайын клиниканы ачуу, бул багытта медициналык кызматкерлеринин тажрыйбасын арттыруу, Индия кинотасмаларынын фестивалын өткөрүү жана башка бир катар сунуштарын айтты.

Элчи Ош шаарынын мэриясы Индия тарап менен дайым туруктуу өнөктөш болуп келгендигин жана ар тараптуу көмөк көрсөтүп жатканын белгилеп, “Жаннат” мейманканасында өтүүчү Индиянын техникалык жана экономикалык кызматташтык программасынын (ITEC) презентациясына чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашылды.