ЖКККББ: Бир жумалык дем алыш күндөрү мас абалында унаа башкарган 312 айдоочу кармалды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 30-декабрдан тартып, 2025-жылдын 5-январына чейин, алдын ала маалымат боюнча 13 685 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 436;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 312;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 58;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 150;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу –1924;
- Авто ээнбаштык – 8;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3114;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7682;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1361 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат. ЖКККББнын басма сөз кызматы
