Катар Бишкек тез жардам станциясы үчүн кошумча имарат курууга даяр
2024-жылдын 28-ноябрында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марат Нуралиев “Катар өнүктүрүү фондунун” Башкы директору Фахд Аль-Сулайти мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Катар эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөнүн келечегин жана Кыргызстанда социалдык-экономикалык маанидеги туруктуу өнүктүрүүнү көздөгөн стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Өз кезегинде катар тарап, Кыргыз Республикасы менен өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда тыгыз кызматташууга даяр экенин баса белгилеп, жакынкы убакытта “Бишкек медициналык тез жардам ооруканасынын” кошумча имаратын куруу боюнча Өкмөттөр аралык Макулдашууга кол коюла турганын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар пландарды мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.
Маалымат үчүн: Катар Өнүктүрүү Фонду – жакырчылыкты жоюуга, саламаттыкты сактоо кызматтарын жана билим берүү системаларын чыңдоого, экономикалык өнүгүүнү колдоого, гуманитардык жардамды мобилизациялоого жана климаттын өзгөрүүсүнө коомчулуктун туруктуулугун жогорулатууга багытталган мамлекеттик өнүктүрүү органы катары саналат.
