КР ТИМ тышкы саясат маселелери боюнча окутуу семинарын өткөрдү
9 апрель

КР ТИМ тышкы саясат маселелери боюнча окутуу семинарын өткөрдү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан 8-апрелде ТИМдин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын базасында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн окутуу семинары өткөрүлдү.

Семинар Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын КРнын Тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «КРнын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «КРнын мамлекеттик протоколу жөнүндө» мыйзамдарынын аткарылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ТИМдин жооптуу кызматкерлери сөз сүйлөп, аталган мыйзамдардын жоболорун сактоонун зарылдыгы жана маанилүүлүгү жөнүндө кеңири түшүндүрмөлөрдү беришти.

Катышуучулар эл аралык ишмердүүлүктү жүзүгө ашырруда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн белгиленген тартиби; КРнын эл аралык келишимдерин түзүү, күчүнө кирүү, аткаруу, токтотуу жана денонсациялоо; мамлекеттер аралык маанидеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде бирдиктүү протоколдук практика менен таанышышты.

Мындан тышкары, ТИМдин кызматкерлери КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» Мамлекеттик мекемеси менен биргеликте мамлекеттик органдардын эл аралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө ТИМ менен өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштырууга багытталган «Дипломатиялык кызмат» автоматташтырылган маалымат системасы менен иштөө боюнча инструктаж өткөрүдү. 

Семинардын жыйынтыгы боюнча пикир алмашуу жана суроо-жооп сессиясы болуп өттү.

Семинардын ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 70ден ашык кызматкерлери катышты.