Кыргызстан менен Ливандын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселеси талкууланды
Кыргызстан менен Ливандын Түркиядагы элчилери Руслан Казакбаев менен Гассан Моаллем жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Тараптардын жолугушуусу 7-апрелде өткөн.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Ливандын ортосундагы артыкчылыктуу багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү маселелерин, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгын кеңири талкуулашты.
Тараптар соода-экономикалык чөйрөдө, анын ичинде Ардактуу консулдар институтунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен жигердүү жана жемиштүү кызматташууга умтуларын белгилешти.
Элчи Р.Казакбаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык реформалар тууралуу маалымат берип, ливандык ишкерлерди Кыргызстандын болгон потенциалын пайдаланууга жана өлкөнүн артыкчылыктуу тармактарына жигердүү инвестициялоого чакырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюму жана Ислам Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык платформалардагы мамлекеттердин өз ара аракеттенүү маселелери да талкууланды.
