Айт намаз 30-мартта мечиттерде окулат
28 март

Айт намаз 30-мартта мечиттерде окулат

Кыргызстанда Айт намазы 30-мартта мечиттерде окулат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

Айт намазы Кыргызстандын аймагындагы жума мечиттерде окулат

Муфтияттын программасы:

  • 06:30-07:15 — баяндар;
  • 07:15-07:25 — казынын, мамлекеттик кызматкердин, имам-хатибдин куттуктоолору;
  • 07:25-07:30 — айт намазынын окуу эрежелерин түшүндүрүү
  • 07:30-07:50 — айт намаз.