Аксыда мектептин курулушунда 7 млн. сом уурдалганы аныкталды  
2 декабрь

Аксыда мектептин курулушунда 7 млн. сом уурдалганы аныкталды  

Жалал-Абад областынын Аксы районунун прокуратурасы тарабынан мектептин курулушунда 7 млн 198 миң 990 сом каражатты ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө, Сары-Челек айыл аймагындагы №18 Э.Арстанбаев атындагы орто мектептин имаратын куруу иштеринде “МК С.” ЖЧКсы сметада каралган иштерди толук аткарбай, жасалма актылар аркылуу каражаттарды мыйзамсыз өздөштүргөнү аныкталды. Ал эми, тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары курулуштун толук бүткөн-бүтпөгөндүгүн текшербестен акчаны которуп, объектти пайдаланууга кабыл алышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери Аксы районунун ИИБнө тапшырылды. 

Учурда зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.