"Дары-дармек" жаңы мобилдик тиркемеси дарылардын сапатын жана баасын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет
5-июнда Бишкекте КР Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти тарабынан дары-дармектерди ыңгайлуу издөө жана текшерүү үчүн түзүлгөн “Дары-Дармек” мобилдик тиркемеси тааныштырылды.
Колдонмо эмне кыла алат?
- Дары-дармектерди реалдуу убакытта издөө: керектүү дары-дармек бар жакынкы дарыкананы табыңыз.
- Сапатты текшерүү: шайкештик сертификатына ылайык дары-дармектин аныктыгын текшериңиз.
- Бааны көзөмөлдөө: ашыкча төлөөдөн качуу үчүн белгиленген бааны билип алыңыз.
- Жеңилдетилген программалар: дары-дармектердин компенсациясынын суммасын текшерүү.
- Даттанууларды берүү: эгерде дарыканадагы баа жөнгө салынуучу дары-дармек каражаттарына белгиленген баадан жогору болсо, даттанууну квитанция менен жөнөтүңүз. Арыз автоматтык түрдө түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Көрүлгөн чаралар тууралуу жооп аласыз.
- Дары-дармектердин терс таасирлерин тез арада жоюу үчүн билдирүү жөнөтүү.
Эгерде дары каражаты тиркемеде жок болсо, ал анын каттоодон өтпөгөн же мыйзамсыз статусун көрсөтөт, бул жарандардын ден соолугун коргоого жардам берет.
Колдонмо учурда сыноо режиминде жана жигердүү өркүндөтүлүп жатат.
